Жаңылыктар
Ачкарын чылым чегүү баш мээнин рак оорусуна алып келет
Ден соолук
Ачкарын чылым чегүү баш мээнин рак оорусуна алып келет

Эртең менен уйкудан  ойгоноор  замат  тамеки  чегүүнү адатка  айлантуу  организмге  өзгөчө  зыян  келтирип,  коркунуч  жаратат.  Мындай тыянакка  АКШнын   Пенн-стейт  Университетинин  окумуштуулары келишти  деп жатат  "Медик Форум" сайты. Окумуштуулар  никотинге  көз каранды болгон  7 миң  кишинин катышуусунда  иликтөө  жүргузүшкөн.  Бул ыктыярчылардын  4 миңи  өпкөнүн рак дарты менен жабыркагандар  болгон. Жыйынтыгында, таң эрте  ойгоноор замат ачкарын   тамеки  тартуу  организмге  терс таасирин тийгизери  белгилүү болгон. Ошентип, мындай адаттын арты  коркунучтуу жагдайга кептей тургандыгын, тактап айтканда, мээ  жана өпкө  рагына алып келери тастыкталды.  Изилдөөнүн жыйынтыгы, эртең менен чылым чеккендердин 80 пайызында  онкологияга чалдыгуу  тобокелдиги жогору экендигин көрсөттү дешет окумуштуулар. 

Эсиңизтерге сактап алгыла! Тамекиден улам организмдин уулануусу эрте картаюуга алып келет! Тамеки тартуучулар өзү курактуулардан 10-20 жыл мурун эрте көз жумушат. Коңурукту, сөөктө морттукту  башкача айтканда, остеопорозду,   пайда кылат. Сөөк морт болсо, адам жыгылса эле бир сөөгүнөн жарака кетип же сынышы мүмкүн.

Гүлбүбү Усенова