Анжиянда эки баланы өлтүрдү деген шек менен 27 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар Өзбекстандын Башкы прокуратурасына шилтеме жасоо менен билдирди.
Быйыл апрель айынан бери 7 жаштагы кыз менен 10 жаштагы баланын апасы сиңдисинин үйүндө жашап жаткан.
Шектүү өз көрсөтмөсүндө эжесинин (эки ата өткөн туугандар) айынан үй-бүлөсү бузулганын айткан.
16-июнда эжеси жеке иштери менен үйдөн чыгып кеткенде ал балдарды өлтүрүп, терассадагы полдун алдына жашырган.
Шектүү иликтөө иштеринин жүрүшүндө кармалган.