Жаңылыктар
Аксы районунда дарбыздын алгачкы үзүмү жыйналууда
Айыл чарба
Аксы районунда дарбыздын алгачкы үзүмү жыйналууда

Аксы районунун Үч-Коргон айыл аймагы коон, дарбыздын мекени катары таанымал. Аймакка жаз эрте келгендиктен салыштырмалуу дыйканчылык дагы эрте башталат. Бул өзгөчөлүк эрте түшүм алууга мүмкүнчүлүк берет. 

Ушул тапта дарбыздын алгачкы үзүмү жыйналып, сатууга чыгарылууда. Жылдагыдан баасы жогору, дыйкандар килограммын жеринен 24 сомго чейин сатышууда.