Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын Башкы директору Кайрат Иманалиев менен Өзбекстан Улуттук телерадио компаниясынын директору Алишер Хаджаев жолугушуп, контент алмашуу багытында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.
Эки тараптын жолугушуусу Ташкент шаарында өтүп, Өзбек тарап Кыргызстандык кесиптештерин жылуу тосуп алып, өздөрүнүн сапаттуу техникалары менен жабдылган мыкты студияларын тааныштырды. Өзбекстан Улуттук телерадио компаниясы Борбор Азиядагы эң тажрыйбалуу медиа өнөктөштөрдүн бири. Учурда 15 телеканалы, 13 аймактык жана 5 радиоканалы бар.
Расмий жолугушуунун алкагында контент жана тажрыйба алмашууга басым жасап, эки жак тең көрүүчүлөргө пайдасы тийе турган, кызыктуу жана таасирдүү долбоорлорду биргелешип жасоо үчүн атайын жол карта иштелип чыга тургандыгы талкууланды. Ага ылайык, эки тараптын кызматкерлери тажрыйба алмашып бири-биринен үйрөнүшөт.