Жаңылыктар
Ысык-Көлдө өтүп жаткан спорт фестивалына 20 миң спортчу катышууда
Спорт
Ысык-Көлдө өтүп жаткан спорт фестивалына 20 миң спортчу катышууда

Ысык-Көл облусунун Чоң-Сары-Ой айылында спорттун 30 түрү боюнча чоңдор жана жаштар арасында VI эл аралык “Кыргызстандын бермети” аталышындагы фестиваль өтүүдө.

Мелдеш 15-июндан 3-июлга чейин уланат. Уюштуруучулардын айтымында, фестивалга болжол менен 20 миң спортчу катышат. Ошондой эле фестивалга катышууну каалаган 15 мамлекеттен арыз келип түшкөн.

Мелдеш төмөнкү спорттун түрлөрү боюнча өтөт:

— Көркөм гимнастика;

— UWW грепплинг;

— кичи футбол;

— дзюдо;

— алыш күрөш;

— армрестлинг;

— эркин жана грек-рим күрөшү;

— спорттук самбо;

— пауэрлифтинг;

— ушу саньда;

— бирманский бокс;

— ордо,

— казак күрөшү;

— пенчак силат;

— кикбоксинг;

— 10 км чуркоо марафону;

— кармаш күрөшү;

— таэквондо ИТФ;

— GAMMA MMA жана STRIKING,

— жаа атуу;

— таэквондо ГТФ, NOMAD MMA;

— масрестлинг жана пляж волейболу.

Белгилей кетсек, аталган фестиваль эл аралык мүнөзгө ээ. Ал көгүлтүр көл жээгинде алтынчы ирет уюштурулууда. Спортчулардын арасында Казакстан, Өзбекстан, Россия, Индия, Монголия жана Пакистандан келгендер бар.