Жаңылыктар
Кыргызстанда каза болгондордун 11%зы тоолуу аймактарда жашагандар
Ден соолук
Кыргызстанда каза болгондордун 11%зы тоолуу аймактарда жашагандар

Кыргызстанда каза болгондордун 11 пайызын бийик тоолуу аймактарда жашаган жарандар түзөт. Мындай тыянак,  Шведцариянын жана Кыргызстандын белгилүү илимпоздорунун изилдөөсүнөн улам келип чыкты.

Өлкөнүн бийик тоолуу аймактарындагы жарандар климаттын таасиринен улам кан басымы жогорулашына, жүрөк, өпкө ооруларына чалдыгышат.   

Бул  аймактарда жашаган жарандардын ден-соолугуна кам көрүү максатында Саламаттыкты сактоо министрлиги, тоо медицинасына арналган дүйнөлүк сипозиум өткөрүштү.

Аталган иш-чарага жергиликтүү жана дүйнөнүн белгилүү илимпоздору катышып, тоо медицинасын өнүктүрүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүштү. 


Бегайым Абдыкадырова