Жаңылыктар
“Каржы ижарасы жана лизинг жөнүндөгү” мыйзам толуктоого муктаж
Экономика
“Каржы ижарасы жана лизинг жөнүндөгү” мыйзам толуктоого муктаж

“Каржы ижарасы жана лизинг жөнүндөгү” мыйзам өзгөртүүгө жана толуктоого муктаж. Аталган мыйзам 2002-жылы кабыл алынгандыктан азыркы рынок шартында  лизинг ишмердүүлүгүнө байланышкан жаңы жагдайлар жаралууда. 

Ошондуктан бүгүн бул темага арналган  “тегерек столдогу”маселе кызуу  талкууну жаратты. 

Буга чейин лизингке айыл чарба техникалары гана берилип келсе, азыр бардык тармакка лизингке жабдууларды берүү талабы келип чыгууда. 

Негизи лизинг ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө республикадагы бардык банктарды тартуу талабы коюлууда. 

Анткени, буга дейре бир гана банк бул багытта иштеп келгенин техникалык серепчи Максатбек Сатыбалдиев маалымдады.


Кадыр Калилов