Жаңылыктар
Жарандардын коопсуздугун камсыздоо
Кыргызстан жаңылыктары
Жарандардын коопсуздугун камсыздоо

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Ички иштер министрлигинде болуп, жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана коомдук тартипти сактоо боюнча Ыкчам башкаруу борборунун иши менен таанышты. Ички иштер министри Улан Ниязбеков жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн зарыл болгон камералардын санын көбөйтүү боюнча мурда берилген тапшырма аткарылгандыгын билдирди. Андан соң Министрлер Кабинетинин Төрагасы «Ураган» фото/видео жазуу аппараттык-программалык комплексинин иштөө принциби менен таанышты. Ошондой эле Министрлер Кабинетинин башчысына Бишкек шаарында жана республиканын аймактарында милициянын участкалык кызматкерлери жабдылган кызматтык планшеттер жана жеке камералар кызматтык максатта кандай колдонулуп жаткандыгы тууралуу маалымат берилди. Акылбек Жапаров Ички иштер министрлиги тарабынан борбор шаарды жана аймактарды видеокөзөмөл камералары менен жабдуу боюнча көрүлүп жаткан аракеттерге оң баасын берип, ал контрабандалык жана эсепке алынбаган товарларды алып кирүүгө жана ташып чыгууга жол бербөө максатында иштелип чыккан программалык камсыздоо интерфейсин жакшыртуу зарылдыгын белгиледи.