Жаңылыктар
Ташкент - Бишкек - Ташкент каттамы
Кыргызстан жаңылыктары
Ташкент - Бишкек - Ташкент каттамы

Uzbekistan Airways компаниясы Ташкент - Бишкек - Ташкент каттамы боюнча учуулардын санын көбөйтөт. Бул тууралуу аталган компаниядан билдирди. Азыркы учурда аба каттамдары дүйшөмбү, бейшемби жана ишемби күндөрү каттап келсе, 3-июлдан тарта шаршамби күндөрү дагы каттай баштайт. Ушул жылдын март айында Кыргызтандын AirManas компаниясы Бишкек - Ташкент каттамын калыбына келтиргенин маалымдаган. Эскерте кетсек, эки өлкөнүн ортосундагы аба каттамы 2020-жылы пандемияга байланыштуу токтогон.