Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору Кайрат Иманалиев Казакстандын Кадыр Мырза Али атындагы маданият жана искусство борборунун өнөрпоздорун кабыл алды.
Жолугушууда куштун эки канатындай болгон эки элдин достугу уланып жатканын, казак элинин искусствосу, маданияты кыргыздарга жат эмес экени баса белгиленди.
УТРКнын башкы директору Кайрат Иманалиев:
«Манас» эпосун биринчи кагазга түшүргөн Ч.Валихановго, аны илимий жактан изилдеген А.Маргуланга, “Манас” эпосу талашка түшүп турганда таламын коргогон М.Ауэзовго кыргыз эли карыздар. Бизде боордош элдин ойчул акыны Абайды, ак таңдай Жамбылды өзгөчө сыйлайт. Казак акындарынан Абайдын кийинки ырлары кыргыз окурмандарына жакшы белгилүү Кадыр Мырза Али экени талашсыз".
Учурда Казакстандын Кадыр Мырза Али атындагы маданият жана искусство борборунун өнөрпоздору Кыргызстанды кыдырып концерт берүүдө. Бул алардын алгачкы чет элдик чыгармачылык сапары болуп саналат. Аталган жамааттын өкүлдөрү бүгүн, Улуттук 1-каналдын жана Кыргыз радиосунун эфиринде конокто болушуп, өнөрлөрүн тартуулашты. Аларга УТРКнын сыйлыктары тапшырылды. Маданий борбордун жетекчиси Бауржан Халиолла Улуттук телерадиоберүү корпорациясына ыраазычылык билдирип, башкы директор Кайрат Иманалиевди эки өлкөнүн маданий алакасына кошкон салымы үчүн Алкыш баракчасы жана «Сырым Батыр Датулы» төш белгиси менен сыйлады.