Бүгүн, 30-июнда УТРКнын “Маданият Тарых Тил” каналы менен биргеликте “Кыргызтелефильм” студиясы тарабынан тартылган “Өчпөс ысым” даректүү тасмасынын бет ачары жана Токтоболот Абдымомуновдун жаркын элесине арналган эскерүү кечеси болуп өттү.
Тасма көркөм өнөрдүн залкары, кыргыз эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, атактуу драматург Токтоболот Абдумомуновдун 100 жылдык мааракесине арналды.
Токтоболот Абдумомунов кыргыз профессионалдык драматургиясынын негиз салуучусу.
Бүтундөй өмүрүн театрдын жана кыргыз драматургиясынын өнүгүшүнө арнаган инсан. Отуздан ашык пьесалары улуттук драматургия өнөрүнүн классикалык чыгармаларына айланып, кыргыз маданиятынын тарыхында анын ысымы түбөлүккө алтын тамгалар менен жазылып калган.
Тасманы тартуу процесси борбор калаабыз Бишкек шаарында, ошондой эле Т.Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрда тартылды.
Белгилей кетсек, ТҮРКСОЙ эл аралык уюму 2022-жылды “Кыргыз эл жазуучусу, драматург Токтоболот Абдымомуновдун жылы”деп жарыялаган. Анын негизинде, 2022-жылы Токтоболот Абдымомуновдун 100 жылдык юбилейи жалпы ТҮРКСОЙДУН алкагында белгилене турган болду.
Сценарийдин автору жана режиссеру, маданияттын эмгек сиңирген ишмери А.Айтыкеев;
Оператору Э.Мамытов;
Үн режиссеру Ф. Газиева;
Монтаждаган А.Абышкаев;
Директору Э.Арстанбекова;
Тасманын продюсери Н. Токомбаева;
“Кыргызтелефильм” студиясы 2022-жыл.