Жаңылыктар
Өлкөдө казинолорду чет элдиктер үчүн гана ачууга уруксат берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөдө казинолорду чет элдиктер үчүн гана ачууга уруксат берилди

Өлкөдө казинолорду чет элдиктер үчүн гана ачууга уруксат берилди. Бул тууралуу мыйзамдарга Президент Садыр Жапаров кол койду. 

Алар “Оюн иши жөнүндө” жана “Оюн ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдар. 

Анда оюн-зоок жайларына кыргызстандыктар жана 21 жашка чыга элек чет өлкөлүк жарандар, ишке жараксыз чет элдиктер кире албай турганы көрсөтүлгөн.