Жаңылыктар
Россия Кыргызстандын 47 миң жаранын «Кара тизмеден» чыгарды
Кыргызстан жаңылыктары
Россия Кыргызстандын 47 миң жаранын «Кара тизмеден» чыгарды

Россия Федерациясы өлкөнүн аймагында майда административдик укук бузууларды жасаган Кыргызстандын 47 миң жаранына киргизилген чектөөнү алып салды. Бул үстүбүздөгү жылдын май айында Кыргызстандын жарандарынын Россиянын аймагында укуктук статусу жана жүрүүсүнүн мыйзамдуулугун камсыздоо боюнча жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында мүмкүн болду. “Кара тизмеде” 35 миңдей кыргызстандык калды, анын ичинде соттун чечиминин негизинде Орусиядан чыгарылгандар көп. Жарандар өздөрүнүн статусун Россиянын Ички иштер министрлигинин Миграция боюнча башкы башкармалыгынын расмий сайтындагы «Чет элдик жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды Россия Федерациясынын аймагына кирүүгө тыюу салуу үчүн негиздердин бар экендигин текшерүү» кызматында текшере алышат.