Жаңылыктар
Медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамы
Кыргызстан жаңылыктары
Медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамы

Президент Садыр Жапаров 3-июлда, саламаттыкты сактоо тутумунун кызматкерлерин кесиптик майрамы - Медицина кызматкерлеринин күнү менен куттуктады."Буга чейин элибиздин башынан эмне окуялар өткөн болсо, ошол учурлардын баарында эл менен болдуңуздар. Элдик толкундоолордун натыйжасындагы окуяларда дагы өмүрүӊүздөрдү тобокелге салып, эл арасында жүрүп, кечиктирилгис медициналык жардамыңыздарды аяган жоксуздар. Ал эми дүйнөнү бушайманга салган коронавирус пандемиясы маалында адамзаттын үрөйүн учурган илдетке тайманбастан каршы туруп бердиңиздер. Адам баласынын башына түшкөн капсалаң учурунда алдыга суурулуп чыгып, илдетке чалдыккандарды өлүмдөн арачалап калган эрдигиӊиздер эч качан унутулбайт. Биз бул каармандыгыңыздарды айткандан эч качан тажабайбыз, танбайбыз. Дүйнө жүзүн дүрбөлөңгө салган бул илдет менен күрөшүп жатып каза болгон доктурларга ар дайым башыбызды ийип, таазим кылабыз", деп айтылат мамлекет башчысынын куттуктоосунда.