Жаңылыктар
Коомдук унаалардын техникалык абалы, шарттары текшерилет
Кыргызстан жаңылыктары
Коомдук унаалардын техникалык абалы, шарттары текшерилет

Патрулдук милиция Бишкек шаарында “Коомдук транспорт” деп аталган рейд баштады. Текшерүү учурунда жүргүнчү ташыган кичи унаалардын техникалык абалы, жүргүнчүлөргө түзгөн шарттары жана тийиштүү документтери каралып, талапка жооп бербегендери каттамдан алынат. 

Рейд маршруттук унаалар катышкан авариялардан улам жүрүп жатат. Белгилей кетсек 21-сентябрда кичи автобус кырсыкка кабылып, 10 чакты жүргүнчү жабыркаган. Кырсыктан 37 жаштагы аялдын сол колу катуу жанчылып билегинен кесилген. 



Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118