Жаңылыктар
КРнын тышкы карызы 4 миллиард 72 миллион доллар болду
Экономика
КРнын тышкы карызы 4 миллиард 72 миллион доллар болду

Кыргызстандын мамлекеттик ички жана тышкы карызы 4 миллиард 72 миллион доллар болду. Бул өлкөнүн ички дүң продукциясынын 56 пайызын түзөт. Ал арада депутаттар тышкы карыздын көлөмү ички дүң өнүмгө карата 60 пайыздан ашпашы керектигин билдирип келишет. Каржы министрлиги  болсо, өлкө тышкы карыздарын  өз убагында кечиктирбей төлөп жаткандыктан тынчсызданууга негиз жоктугун билдирүүдө. 

Адистердин айтымында, Евразиялык экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн тышкы карыз боюнча жүргүзгөн саясаты ар башка болгону менен Кыргызстанда абал алда канча жакшы.

Анткени өлкө тышкы карыздарын жана эл аралык уюмдарга болгон милдеттемелерин так аткарып, кечиктирбей төлөп жатканы белгиленет. 

Маселен коңшу Казакстандын мамлекеттик тышкы карызы 30 млрд  доллардан ашса, Россияныкы 55 млрд долларга чукулдаган. Ал эми Кыргызстандын тышкы карызы 4 млрд 72 млн  доллар болду.

Мээрим Абдраманова