Жаңылыктар
ИИМ ардагерлери баш мыйзамды өзгөртүү демилгесин колдойт
Саясат
ИИМ ардагерлери баш мыйзамды өзгөртүү демилгесин колдойт

Кыргызстандын Ички иштер органдарынынын ардагерлери баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум өткөрүү демилгесин колдойт. Бул тууралуу бир катар генералдар 26-сентябрда маалымат жыйында айтып чыкты. Конституциянын бир катар беренелери өзгөрүүгө муктаж. 

Ошондой эле кыргыз тилине которууда да мүчүлүштүктөр кеткен. Конституциянын көптөгөн алешемдиктери бар экендигин 5 жылдын ичинде белгилүү болду. Маселен Кыргызстандын сот органдары тарабынан чыгарылган чечимге эл аралык уюмдардын кийлигишүүсүнө 41-берене жол берет. 

Бул өз кезегинде өлкөнүн абройун түшүрөт деп билдирди “Генералдар Ордосу” коомдук бирикмесинин президенти, генерал-майор Ашырбек Бакаев.

Саясат талдоочулар баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум өткөрү анык болуп калганын айтууда. Конституциянын айланасында болуп жаткан  талашып-тартышууларга  бир гана саясатчылар, коомдук уюумдар, адистер катышпастан,  эл дагыпикрин активдүү билдирүүдө. 

Сүймөнкул Идирисов