Жаңылыктар
Жол - бул экономиканын күрө тамыры
Кыргызстан жаңылыктары
Жол - бул экономиканын күрө тамыры

Кыргызстанда акыркы беш жыл ичинде жол куруу жана оңдоого бөлүнгөн каражат 10 млрд сомдон 16 млрд сомго чейин өстү. Министрлер кабинетинин маалыматына ылайык 2018-жылы бул тармакка 10 млрд 139 млн сом бөлүнгөн болсо, быйылкы жылда 16 млрд 543 млн сом бөлүү пландалган. Ага алты жүз чакырымдан ашык жолго асфальт бетон төшөлөт. Белгилүү болгондой ушул азырда Балыкчы-Барскоон жолу жасалууда. Баткен облусунда жол куруу кызуу жүрүүдө. Кийинки жылы Нарын облусунун ички жолдорун оңдоо колго алынат. Бул тууралуу президент Жапаров Солтон сары алтын кенине барган маалда жергиликтүү эл менен жолугуу маалында билдирди.