Жаңылыктар
Бишкекте таштанды ташуучу унаалар жаңыртылат
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте таштанды ташуучу унаалар жаңыртылат

Шаардык мэрия таштанды ташуучу унааларды сатып алуу боюнча келишимге кол койду. Коммуналдык унааларды жасоочу Мценск заводу менен түзүлгөн келишимге ылайык, борбор калаага таштанды ташуучу 29 унаа алып келинет.

"Бишкек шаарындагы катуу калдыктарды жөнгө салуу" долбоорун алкагында кечээ келишимге кол коюлду. Ал эми өткөн аптада "Рострейд" компаниясы менен жол оңдоого керектүү 3 унаа сатып алуу боюнча келишимге кол коюлган.