Жаңылыктар
“Байчечекей” журналынын негизделишине 40 жыл болду
Маданият
“Байчечекей” журналынын негизделишине 40 жыл болду

Кичинекей бөбөктөргө арналган республикалык “Байчечекей” журналынын негизделишине быйыл  40 жыл болду. Мааракеге утурлай премьер-министр Сооронбай Жээнбеков балдар журналынын башкы рекдактору, кыргыз эл акыны Токтосун Самудинов менен жолугуп, өсүп келе жаткан муунду тарбиялоодо чоң салым кошуп келе жаткандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди. 

Бөбөктөрдү мектепке даярдоочу жана баштооч мектеп программасын толуктоочу материалдарды жарыялоо менен жеткинчектин таанып-билүү жөндөмүн арттырууга жана эне тилинин байлыгын, көркөм касиетин өздөштүрүүгө көмөктөшкөн журнал болуп эсептелет. 

Испаниялык журналдын эл аралык сыйлыгы менен сыйланган. 1977-жылдын январынан баштап үзүлбөй жарык көрүп келе жаткан журналдын мааниси, көйгөйү жана жетишкендиктери тууралуу башкы редактору Токтосун Самудинов менен кабарчыбыз Рахат Кыдыртоктоева маектешкен. Аны төмөндө жайгашкан аудио аркылуу укса болот.

Рахат Кыдыртоктоева