Жаңылыктар
Көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу аракети уланууда
Кыргызстан жаңылыктары
Көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу аракети уланууда

Жогорку Кеңеш биринчи окууда кабыл алган “Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” мыйзам долбоору дал ушул максатка багытталган. Бирок, эл өкүлдөрүнүн ортосунда добуш берүүдө талаш жаралып, аталган мыйзам долбоору “ууруларды мыйзамдаштырууга багытталган” демилге экени белгиленген.Бул боюнча Президент Садыр Жапаров дагы өз пикирин билдирип, мыйзам долбоору коррупционерлердин арам акчасын адалдоо эмес, чет өлкөдө мүлкүн жашыргандардын байлыгын өлкөгө алып келүү экенин айткан.