Жаңылыктар
Кыргызстанда азык түлүктүн баасы канчага кымбаттады?
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда азык түлүктүн баасы канчага кымбаттады?

Жыл башынан бери республика боюнча керектөө баалары жана тарифтердин өсүшү жалпысынан 9,1%ды түздү. Бул тууралуу маалымат жыйынында Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын орун басары Айнура Орозбаева билдирди. Анын маалыматына ылайык, муну менен катар тамак-аш продукциясы жана алкоголсуз суусундуктар 12,5%га, алкоголдук ичимдиктер жана тамеки 11,8%га, азык-түлүк эмес товарлардын баасы 5,1%га, калкка көрсөтүлгөн кызматтардын тарифи 3,8%га өскөн. Керектөө баалары жана тарифтер үстүбүздөгү жылдын январь-июнь айларында республиканын бардык аймактарында байкалган. Мында баанын максималдуу өсүшү 12,4%га Нарын облусунда катталган. Башка региондорго салыштырмалуу эң көп, алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки буюмдарына - 24,2%га кымбаттаганы менен шартталган.