Жаңылыктар
Азербайжандын Баш мыйзамы өзгөртүлдү
Дүйнө
Азербайжандын Баш мыйзамы өзгөртүлдү

Азербайжанда 26-сентябрдагы референдум өттү деп табылды. Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы референдумга шайлоочулардын 25 пайыздан ашыгы келгенин билдирди. Шайлоочулар 5 миң 627 шайлоо тилкесинде добуш берип, анын жүрүшүнө 53 миңден ашуун байкоочу көз салган. 

Өлкөдө референдумга катышуу укугуна 5 миллиондон ашуун адам ээ. Азербайжандын Баш мыйзамы 2002 жана 2009-жылдары өзгөртүлгөн. 

Бул ирет өзгөртүүлөр аркылуу президенттин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү беш жылдан жети жылга узартылат, президенттикке жана парламент депутаттыгына талапкерлер мурдагыдай 25тен эмес,18 жаштан тарта ат салыша алышат.



Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118