Жаңылыктар
Президент айыл чарба министринин ишин сынга алды
Кыргызстан жаңылыктары
Президент айыл чарба министринин ишин сынга алды

Министрлер Кабинетинин жыйынында мамлекет башчысы айыл чарба министринин ишин сынга алды. Тармакка көп каражат бөлүнгөнү менен өсүү темпи 2% болгону таптакыр туура эмес, - деген Президент Аскарбек Жаныбековго кардиналдуу чечимдерге барууну тапшырды. Ошондой эле дүйнөдөгү глобалдык өзгөрүүлөрдү эске алуу менен сууга аяр мамиле жасап, 1-ноябрга Суу жана Жер кодекстеринин жаңы редакцияларын даярдоону эскертти.