Жаңылыктар
Кыргызстан-Ливан ортосундагы футбол боюнча беттеш 6-октябрда өтөт
Спорт
Кыргызстан-Ливан ортосундагы футбол боюнча беттеш 6-октябрда өтөт

Кыргызстан менен Ливандын ортосундагы футбол боюнча достук беттеш дүйнө жүзүндөгү бардык үй-бүлөлөргө арналат. Бул тууралуу Футбол федерациясынан билдиришти. Демилге БУУнун Балдар фонду тарабынан сунушталып, жактырылган. 

Белгилей кетсек, Кыргызстан - Филиппин беттеши майып балдарга арналган болчу. 6-сентябрда өткөн оюнду мүмкүнчүлүгү чектелген балдар ачкан. 

Мындай аракет коомчулуктун көңүлүн майып балдарга буруу жана алардын укугун коргоо максатын көздөгөн. Кыргызстан курамасы менен Ливандын оюнчулары 6-октябрь күнү саат 20:30да Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо беттешет. Билеттер 30-сентябрдан тартып сатыла баштайт.



Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118