Жаңылыктар
Министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн баары коомчулукка отчет берет
Кыргызстан жаңылыктары
Министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн баары коомчулукка отчет берет

Министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн баары 18-28-июль күндөрү алты айдын жыйынтыгы тууралуу коомчулукка отчет берет. Анда тармактык мамлекеттик органдардын жетекчилери жарым жылдыктын жыйынтыктары жана алдыга коюлган кыска жана орто мөөнөттүү милдеттери жөнүндө маалымат берүү үчүн журналисттер, активисттер жана блогерлер менен бейформал шартта жолугушууларды өткөрөт. "Алгач баяндама жасалып, андан соң медиа чөйрө өкүлдөрү үчүн жыйындын катышуучуларына кызыктырган суроолорун берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт" деп айтылат маалыматта.Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 14-июлда өкмөттүн жыйынында жыл жыйынтыгында натыйжа көрсөтө албаган министрлер кызматтан алынарын эскерткен.Өкмөт башчы 5-июлда айрым журналисттер, блогерлер жана социалдык тармактын активдүү колдонуучулары менен жолуккан.