Жаңылыктар
Каттоо кызматынын жыл жыйынтыгындагы иштери каралды
Кыргызстан жаңылыктары
Каттоо кызматынын жыл жыйынтыгындагы иштери каралды

Мамлекеттик каттоо кызматы жыл жыйынтыгын чыгарды. Бул тармактын кызматкерлери 2015-жылы эмне жасалганын жана кирип келген жылда аткарылчу иштерди талкуулады. Былтыр 3 миллиондон ашуун жаран биометрикалык каттоодон өтүп, каттоодон өткөн жарандар добуш берди.

Өткөн жылдын акырынан тарта,  автоматташтырылган паспортко өткөрүү аракети башталган. Бирдиктүү автоматташтырылган тутум студенттер, мектеп бүтүрүүчүлөрү, пенсионерлер, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын так эсебин жүргүзүүгө шарт түзөт. 

Жаңы үлгүдөгү паспорт жай айларында бериле баштайт. Ал эми, быйыл жаз, күз айларында  жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого дагы биометрикалык каттоодон өткөн жарандар катыша алат. Ошондой эле апрель айынан тарта эл аралык талапка жооп бере турган жаңыланган унаа номурлары бериле баштайт.