Тышкы иштер министрлиги укук коргоочу Азиза Абдирасулованын социалдык тармактардагы билдирүүсүнө жооп кайтарды. Белгилей кетсек, чет өлкөдө качып жүргөн Кадыржан Батыров, Европа коопсуздук кызматташтык уюмунун отурумунда сөз алып сүйлөгөндө, укук коргоочулар Азиза Абдрасулова менен Төлөйкан Исмаилова ошол залда Батыровдун айткандарын кубаттап отурду деп коомчулук нааразы болгон.
Буга карата укук коргоочу Азиза Абдирасулова: "Ал жерде мен эле эмес, Ички иштер министрлигинин жана президенттик аппараттын өкүлдөрү да отурган, андай болсо Батыровго сөз берилгенде алар деле залдан чыгып кетишпейт беле" - деп жазып чыккан.
Муну Тышкы иштер министрлиги төгүнгө чыгарды. Министрликтин басма сөз кызматы - 20-сентябрдагы ЕККУ жыйынына, тагыраак айтканда Кадыржан Батыров уюмдун отурумунда сүйлөгөн күнү - кыргызстандык расмий делегациянын катарында ИИМдин жана президенттик аппараттын өкүлдөрү катышкан эмес. Алар эртеси күнү өткөн жыйынга катышкандыгы айтылат.
Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118