Жаңылыктар
Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары ЕККУнун жыйынына катышат
Кыргызстан жаңылыктары
Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары ЕККУнун жыйынына катышат

Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары ЕККУнун жыйынына катышып, сепаратист Кадыржан Батыров боюнча билдирүү жасайт. Мындай чечим Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында кабыл алынды. 

Эл өкүлдөрү Иса Өмүркулов, Бакыт Төрөбаев, Канатбек Исаев, Сайдулла Нышанов жана Исхак Масалиев ЕККУнун кезектеги сессияларында Жогорку кеңештин Төрагасынын атынан билдирүү жасайт. 

Эскерте кетсек, депутаттар Варшавадагы ЕККУнун сессиясында Кадыржан Батыровго сөз берилип, тынчтык аянтчасын ал өз кызыкчылыгы үчүн колдонуп кеткенине нааразычылыгын билдиришкен.





Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118