Жаңылыктар
Президенттердин жолугушуусу, кабыл алынган чечимдер
Кыргызстан жаңылыктары
Президенттердин жолугушуусу, кабыл алынган чечимдер

Борбор Азия мамлекеттердин башчыларынын төртүнчү консультативдик жолугушуусу аяктады. Кыргызстанда биринчи жолу өткөн отурумдун сонунда жыйынтыктоочу документтер кабыл алынды. Аталган региондогу өлкөнүн лидерлери биргелешкен билдирүү кабыл алышып, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан президенттери 21-кылымда Борбор Азияны өнүктүрүү максатында достук, ынак коңшулук жана кызматташтык тууралуу келишимге кол коюшту. Ал эми, Тажикстан менен Түркмөнстан бул документке өздөрүнүн өлкөсүндө ички жол-жоболору аяктагандан кийин кол коюшат.