Жаңылыктар
Нариман Түлеевдин батирлери муниципалдык менчике өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Нариман Түлеевдин батирлери муниципалдык менчике өттү

Мурдагы мэр Нариман Түлеевдин батирлери муниципалдык менчике өттү. Мындай чечимди Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары чыгарды. Ошондо Москва көчөсүнүн 191-үйүндө жайгашкан  3 бөлмөлүү 8 батир, шаардын менчигине карап калды.

Эскерте кетсек ушул жылдын жазында Нариман Түлеев эркиндике чыккан. Күчөтүлгөн тартипте жаза өтөө үчүн берилген 11 жылдын ордуна, Түлеевдин туугандары үй мүлкүн конфискациялоого макул болушкан. 

Ошондо мамлекетке келтирилген 60 млн сомдон ашык каражат кайтарылышы керек болгон. Зыяндын бир бөлүгү буга чейин казынага накталай төгүлгөн. Ал эми экинчи бөлүгү катары жалпы суммасы 48 млн сомдон ашык сумманы түзгөн батирлер кайтарылды. Эми мэрия бул кымбат баалуу батирлерди кызматтык үй катары пайдаланат. Аны менчиктештирип алууга уруксат жок.



Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118