Жаңылыктар
"Чырак" даректүү тасмасы Орусиядагы кинофестивалда сыйлыкка татыктуу болду
Маданият
"Чырак" даректүү тасмасы Орусиядагы кинофестивалда сыйлыкка татыктуу болду

Режиссёр Асел Жураеванын “Чырак” тасмасы 9-жолку бүткүл россиялык документалдык фильмдердин “Соль земли” кинофестивалынын дипломуна ээ болду. Жалпысынан 42 тасма ат салышкан кино сынак 23-сентябрда, Самара шаарында жыйынтыкталган. 

Режиссёр 10 мүнөттүк кыска метраждуу тасмасында жарыксыз күн кечирген Калбүбү эне жана анын уулу Залкарбектин жашоосу аркылуу бир айылдын турмушун ачып берүүгө аракет кылган. Тасма Бишкектин четиндеги “Ынтымак” айылында тартылган.



Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118