Жаңылыктар
Мамлекеттик чыгымдар акталдыбы?
Экономика
Мамлекеттик чыгымдар акталдыбы?

Быйылкы жылга карата кошумча чыгымдар 18 миллиард сомду түздү. Мындай санды жыйын учурунда премьер-министр билдирди. Бирок өкмөт башчынын айтымында чыгымдар акталды. Каражаттын негизги бөлүгү маданият тармагын оңдоого жана социалдык инфраструктураны жакшыртууга жумшалган. 

Балыкчы-Корумду, Бишкек-Манас аэропорту жолдору жасалган. Ошондой эле Тарых жана маданият жылынын алкагында көп иштер аткарылган. 

Айта кетсек, Үркүндүн 100 жылдыгынын урматына мемориал тургузулган. Тайлак баатырдын 220 жылдыгы белгиленди. Өлкөнүн эгемендик майрамы жана II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөрүлгөн. 

Андан тышкары Көз карандысыз шериктештикке кирген мамлекеттердин башчыларынын саммити болуп өттү. Өкмөт башчы быйылкы өткөрүлгөн иш-чаралар Кыргызстандын аброюн көтөрдү деп белгиледи.



Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118