Жаңылыктар
Энергетика министри: “быйыл чексиз тариф киргизилет”
Кыргызстан жаңылыктары
Энергетика министри: “быйыл чексиз тариф киргизилет”

Кыштын камын жазда көр. Энергетика министрлиги алдыдагы кыштан ама-эсен чыгуу үчүн болгон аракетин жумшоодо. Аталган мекеменин башчысы Доскул Бекмурзаев, электр жарыгы маал-маалы менен өчүрүлбөй турганына ишендирди. Азыр бөлүштүрүүчү компаниялар тарабынан кошумча 300дөн ашык көмөкчордон орнотулуп, 500дөй трансформатор алмаштырылган. 1250 чакырымга созулган аба чубалгылары тартылып, реконструкцияланды.