Жаңылыктар
Израилдин экс-президенти Шимон Перес дүйнөдөн кайтты
Дүйнө
Израилдин экс-президенти  Шимон Перес дүйнөдөн кайтты

Бүгүн эртең менен Тель-Авивдеги ооруканалардын биринде Израилдин мурдагы президенти жана премьер-министри Шимон Перес дүйнөдөн кайтты. 93 жаштагы Нобель сыйлыгынын ээси, эки жума мурда инсульт болуп, ошондон бери ооруканада болчу. 

Израилдин тогузунчу президенти болгон бул адам өлкөнү 2007-2014-жылдар арасында башкарган. Жашы бир топко барып калгандыктан, президенттиктин акыркы жылдарында планетадагы эң улгайган өлкө башкаруучу болуп эсептелген.



Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118