Жаңылыктар
Чаткал тоо кыркаларында жер титиреди
Кырсык
Чаткал тоо кыркаларында жер титиреди

31-июлда саат 07:55те Чаткал тоо кыркаларында жер силкинүү катталганын Сейсмология институту кабарлады. 

Маалыматка караганда, жер титирөөнүн күчү очогунда 3,5 баллга жетип, Жалал-Абаддын Чаткал, Тегирмен-Сай, Жылгын, Аркыт айылдарында жана Талас шаарында сезилген. Аталган институттун маалыматына караганда, ушул эле аймакта 25-27-июль күндөрү дагы күчү 3,5-5 баллга жеткен жер титирөө катталган.