Жаңылыктар
Мөндүр кесепети
Өзгөчө кырдаал
Мөндүр кесепети

Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Ак-Терек айыл аймагында 27-сентябрда мөндүр аралаш жамгыр жаады. Анын кесепетинен Кызыл-Туу айылындагы Ак-Терек суусунун деңгээли көтөрүлүп, ушул жылдын август айында убактылуу каттам үчүн курулган киши өтүүчү көпүрөнү суу алып кетти. 

Көпүрө ӨКМдин Ысык-Көл облусунун өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча түштүк борбору тарабынан курулган. Жеринен чара көрүү үчүн аталган аймакта ӨКМдин ыкчам тобу жана Тоң районунун жарандык коргонуу кызматы иштеп жатат.



Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118