Жаңылыктар
Индияда маймыл чечегинен каза болгон учур катталды
Дүйнө
Индияда маймыл чечегинен каза болгон учур катталды

Индияда маймыл чечеги оорусунан каза болгон алгачкы учур катталды. Бул тууралуу айткан Индиянын Керала штатынын Саламаттыкты сактоо министринин маалыматын чет элдик басылмалар жарыялашты. 

Маалыматта каза болгон 22 жаштагы адамда тыштан караганда маймыл чечеги вирусунун симптомдору болгон эмес. Бейтап ооруканага башында энцефалит жана чарчоонун белгилери менен жаткырылган. 

Маркум маймыл чечеги илдетинен каза болгондорду жерге берүү эрежелери менен акыркы сапарга узатылган. Аны менен жакын байланышта болгон туугандары медициналык кызматкерлердин көзөмөлүндө экени айтылат маалыматта.