Жаңылыктар
Жол эрежелерин бузгандарга каршы күрөшүүнүн жаңы ыкмасы ишке кирди
Кыргызстан жаңылыктары
Жол эрежелерин бузгандарга каршы күрөшүүнүн жаңы ыкмасы ишке кирди

Ички иштер министрлиги жол эрежелерин бузгандарга каршы күрөшүүнүн жаңы ыкмасын ишке киргизди. Бул атайын автоматтык маалыматтык система орнотулган көзөмөл борбору, ал мекеменин ичинде орун алган. Бул борборго кайгуул милициянын атайын жабдылган унаалары жол эрежесин бузгандарды каттаган фото менен видео тасмалар келип түшүп турат. 

Жол коопсуздугун сактабай, мыйзам бузган айдоочулардын дарегине айып пулдун өлчөмү жазылып жөнөтүлөт. Азырынча жабдылган унаалардан экөө гана министрлик келечекте мындай ыкчам маалыматтык системаны көбөйтөөрүн билдирди. 

Кайгуул милиция борбордун аймагында иш жүргүзөт, негизинен катуу ылдамдыкта бара жаткандар жана унааларын тыюу салынган жерге токтоткондор тартипке чакырылат. Бул аракеттер жол кырсыктарын азайтуу максатын көздөйт.



Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118