Жаңылыктар
Кыргызстанда үч миңдей диний уюм бар
Дин
Кыргызстанда үч миңдей диний уюм бар

Өлкөбүздө 3000ге чукул диний уюмдар бар. Алардын баары мезгилинде юстиция министрлигинен расмий катттодон өтүшкөн. 

Эгемен өлкө катары таанылгандан баштап диний агымдардын иштери алдыга жылып, аркандай агымдарга бөлүнгөнү белгилүү. 

Кыргыз жаштары диний багытта чет өлкөлөрдөн билим алышып келгенден кийин диний агымдардын көбөйгөнү байкалганы айтылууда.  

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын азирети муфтийиниин орун басары Аким ажы Эргешовдун айтымында өлкөдөгү айыл-кыштактардагы мечиттердин баары диний уюм катары каттоодон өткөн. Мындан сырткары диний окуу жайлар, диний фонддор да диний уюм катары катталган. Ошондуктан диний уюмдардын саны көбөйүп кеткен. Бирок алардын баарынын жүргүзгөн багыты бир экенин ырастады.      

Кадыр Калилов