Жаңылыктар
Белгисиз бирөөлөр 80 жаштагы кемпирди көчөгө таштап кетишти
Кыргызстан жаңылыктары
Белгисиз бирөөлөр 80 жаштагы кемпирди көчөгө таштап кетишти

Өткөн жуманын соңунда белгисиз адамдар Бишкектеги карылар үйүнүн алдына көзү көрбөгөн 80 жаштагы кемпирди таштап кеткени коомчулукта чоң талкууну жаратты. Оорукчан кемпирдин буту-колу тытылып, денеси канталаган. Ал учурда шаардык ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүндө. 

23-сентябрда Борбордогу Күрөңкеев көчөсүндөгү карыларды асыроо мекемесинин алдына 80 жаштагы кемпирди белгисиз бирөөлөр таштап кеткен. Күбөлөр кемпирдин 5 саатка жакын ошол жерде жатканын айтышат. Тез жардамга билдирүү түшүп, ал шаардык ооруканага жеткирилген. Дарыгерлердин айтымында кемпирдин бир көзү көрбөй, жакшы сүйлөй албайт жана бир жак капталы кыймылдабай калган. Ал учурда буту-колу тытылып, ар кайсы жери канталаган. Учурда өз атын тааныбай жатканын Саламаттык сактоо министрлиги билдирүүдө.

“Жашында берсин мээнетти, карыганда берсин дөөлөттү” дегендей алдуу-күчтүү кезинде өлкө экономикасына, маданият, билим берүү тармагына салым кошкон жарандар, эми минтип дөөлөт күтүп, сый-урматка бөлөнөр учурда карылар үйүнүн бир бөлмөсүндө күн өткөрүүдө.

Сүймөнкул Идирисов