Жаңылыктар
Садыр Жапаров Араб Булуңундагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңешинин Башкы катчысын кабыл алды
Саясат
Садыр Жапаров Араб Булуңундагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңешинин Башкы катчысын кабыл алды

Президент Садыр Жапаров Араб Булуңундагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңешинин Башкы катчысы Наиф Фалах Мубарак аль-Хажрафты кабыл алды. 

Жолугушуунун жүрүшүндө кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары, анын ичинде саясий, социалдык-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдоо боюнча пикир алмашуу болду. Мамлекет башчысы Наиф Фалах Мубарак аль-Хажрафтын өлкөгө биринчи сапары Кыргызстан менен Араб Булуңундагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңешинин ортосундагы кызматташууга жакшы негиз түзөрүнө чоң түрткү болоруна ишенимин билдирди. 

Ал Кыргызстан менен Араб өлкөлөрүнүн элдерин тарыхый жана руханий достук байланыштырып турганын, ошондуктан кызматташууну бекемдөө Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи. 

Садыр Жапаров Тышкы иштер министрлиги менен Араб Булуңундагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңешинин ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюлушу менен куттуктап, бул келишим Кыргызстан менен Араб Булуңундагы араб мамлекеттеринин ортосундагы эки тараптуу саясий, соода-экономикалык жана маданий маселелер боюнча кызматташууну жемиштүү талкуулоого бекем негиз болуп, тыгыз алакаларды камсыз кылат деген ишенимин билдирди.