Жаңылыктар
“Манас” эпосу тажик тилинде жарыкка чыкты
Билим
“Манас” эпосу тажик тилинде жарыкка чыкты

Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Кыргызстандагы тажиктердин “Рудаки” аттуу коомдук бирикмесинин колдоосунда залкар манасчыларыбыз С.Орозбаков менен С.Каралевдин вариантынын негизинде “Манас” эпосу тажик тилине 500 нускада которулуп жарыкка чыкты. Анын 150 даанасы коңшулаш Тажик Республикасынын Билим берүү жана маданият мекемелерине жөнөтүлүп, калгандары өз окурмандарына акысыз таратылган. 

Эсиңиздерге сала кетсек, аталган китеп 1970-жылы тажик тилине акын жана котормочу Аслам Адхам тарабынан которулган. Ар кандай себептер менен 46 жылдан бери чыкпай келген чыгарма эми коомдук бирикменин жеке демилгеси менен жарык көрүп отурат. 

Китептин чыгышы андагы кызыктуу фрагменттер тууралу “Достук” радиосуна тажиктердин “Рудаки” атындагы коомдук бирикмесинин төрагасы коомдук ишмер Сабиров Равшан Азатович кеңири маек куруп берди. 

Маектин жүрүшүн 1-октябрда саат 16:00до FM 104.1 жыштыгынан “Эфирдеги экөө” программасынан уга аласыздар.