Жаңылыктар
Ошто алты тамактуучу жай убактылуу жабылды
Кыргызстан жаңылыктары
Ошто алты тамактуучу жай убактылуу жабылды

Ош шаардык оорулардын алдын алуу жана санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борбору тарабынан калаадагы 6 тамактануучу жай убактылуу жабылды. 

Алар: "Дүрдана", "Азизим", "Жаңы-Доор", "Береке", "Увам" жана "Памир" кафелери. Ашкана ээлерине кепилдик каттын негизинде ремонт иш чараларын санитардык талаптарга жооп бере тургандай шартка алып келүү тапшырылды. 

Аталган мекеме калаадагы бардык коомдук тамактануучу жайларда июль айынан баштап рейд жүргүзө баштаган. Текшерүүнүн жүрүшүндө кемчиликтери аныкталган, санитардык талаптарга жооп бербеген тамактануучу жайларга 5 миң сомдон 13 миң сомго чейин айыппул салынган. Бир айдын ичинде 120 миң сом айып пулдун эсебинен чогулган. Шаарда жалпы 400дөн ашык тамактануучу жай бар.