Жаңылыктар
С.Жээнбеков Нарын облусунда бир катар объектилерди кыдырды
Аймак
С.Жээнбеков Нарын облусунда бир катар объектилерди кыдырды

 Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бир күндүк иш сапары менен Нарын облусуна барып “Торугарт” көзөмөл-өткөрүү жайы, Ат-Башы сүт заводу жана Казыбек айлындагы машина-трактордук станциянын ишмердүүлүгү менен таанышты. Андан тышкары өкмөт башчы аймакта курулуп жаткан мектептин жагдайынан кабар алды.

Өкмөт башчы өткөрмө пунктун иши менен таанышып жатып, ЕАЭБ өлкөлөрү менен чектешкен бардык көзөмөл-өткөрмө пункттары жаңы жабдуулар менен камсыздалууга тийиш деп билдирди. Чек ара тилкесиндеги өткөрмө жайда Кытайдан келген гранттын эсебинен жаңы имарат курулуп жатат. Сооронбай Жээнбеков модернизациялоонун 1-фазасынын алкагында сатылып алынган жабдууну көрүп чыкты. Андан соң ал транспорттук көзөмөл, фитосанитардык коопсуздук, санитардык-карантиндик көзөмөл жана ветеринардык коопсуздук пункттарын көрүп чыкты.
 ЕАЭБ өлкөлөрүнө өндүрүлгөн азыктарды чыгаруу үчүн сапаттуу ишканалар иштеши керек. “Ат-Башы-Сүт” ишканасына барган премьер-министр Кыргызстандын биримдикке мүчө болушу - айыл чарба азыктарын өндүрүүчүлөргө чоң мүмкүнчүлүктөрү ачканын белгиледи. Жаңы ишканалар аркылуу ата мекендик айыл чарба продукцияларына кызыкдар болгон тышкы рынокко чыгуу зарыл. Эң башкысы сүт азыктары экологиялык жактан таза жана бардык талаптарга жооп бериши кажет.
Завод чыгарган негизги продукциялар - голландия сыры, чечил сыры жана каймак. Бул жерде суткасына 10 тонна сүт кайра иштетилип, 28 адам жумуш менен камсыз болгон. Өндүрүлгөн продукция негизинен Бишкек шаарынын базарларында сатылат. Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду ушул айыл чарба тармагындагы долбоорлорду каржылаарын эскертип, сүт иштетчү ишкананы өнүктүрүү боюнча бизнес-план сунуштоону тапшырды.
Өкмөт башчы Казыбек айылында жайгашкан муниципалдык машина-трактордук станцияга да барды. Анын тейлөөсүнөн эки айыл башкармалыгынын дыйкан чарбалары пайдаланат. Өкмөт башчы айыл-кыштактардагы кооперативдик кыймылдын өнүгүүсү менен айыл-чарбадагы МТСтин ролу жогорулайт деп белгиледи.
Иш-сапардын соңунда Сооронбай Жээнбеков Бирлик айылындагы жаңы курулуп жаткан мектеп менен дагы таанышты. Билим берүүчү жайдын курулушун жыйынтыктоо үчүн дагы кошумча каражат керек. Жээнбеков келээрки окуу жылында мектеп ишке берилсин деп, 2017-жылга бюджет каралып жатканда калган каражатты таап берүү боюнча тапшырма берди.