Жаңылыктар
Ысык-Көл: 5 жыл ичинде 40 жаңы имарат ишке берилди
Аймак
Ысык-Көл: 5 жыл ичинде 40 жаңы имарат ишке берилди

Ысык-Көл облусундагы жаңы курулуп жаткан социалдык имараттардын сапаты кандай. Бул маселеге азыр коомчулук терең маани бере баштады. Эске сала кетсек аймакта акыркы беш жыл ичинде эле 40 жакын жаңы имараттар ишке берилди. 

Бирок алардын сапатына тынчсызданууга негиз жок.Себеби курулуштун жүрүшүнө бир нече мамлекеттик жана көз карандысыз адистер көзөмөл кылууда. 

Ысык-Көл облусунда бала бакча, мектеп, ФАП жана спорттук комплекстердин курулушу өрүш алды. Өкмөт менен катарлаш эле бул курулуштарды облусту өнүктүрүү фонду жүргүзүүдө. Алардын сапатына мамлекеттик жана көз карандысыз эксперттер төрт этап менен көзөмөл жүргүзүп, көз жаздымда калбайт.
Дал ошол адистердин көзөмөлүнөн өткөндөн кийин гана курулуш иштеринин кийинки бөлүктөрү улантылып турат. Мисалы Ак-Суу районундагы Маман айылындагы орто мектеп имараты мындан үч жыл мурун ишке берилген. Мектеп директорунун айтымында имарат кандай тапшырылса ошондой абалда эле сакталууда. 
Быйылкы жылы республикалык бюджеттин эсебинен үч мектеп имараттары ишке берилди. Дагы алты социалдык обьект декабрь айына чейин колдонууга өтөт. Ал эми облусту өнүктүрүү фонду 1 спорт комплексти ишке киргизип, жыл аягына чейин дагы беш чоң имаратты элге өткөрүүнү пландап жатат.