Жаңылыктар
Таласта орто мектептердин биринде күнөскана ачылды
Айыл чарба
Таласта орто мектептердин биринде күнөскана ачылды

Бакай-Ата районунун Ленин атындагы орто мектебинде күнөскана ачылды. Эми бул мектептин 1-класстан 4-класска чейинки окуучулары кыш мезгилинде дагы витаминге бай жашылча жемиш менен камсыз болот.

 Ленин мектебинин жамааты көтөргөн күнөскана ачуу демилгесин ата-энелер менен жергиликтүү бийлик колдоого алып, жалпы аракеттин акыбети кайтты. Мында күнөскананын ачылышы элеттиктер үчүн урунттуу жаңылык. Кызыл тасма кесилип, иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен ата-энелер да катышты.

 Күнөскананын жалпы аянты 240 метр квадратты түзөт. Мында 400 түп бадыраң, помидор, редиска жана көк-шактар тигилген. 
Күнөскана Бириккен Улуттар Уюмунун азык-түлүк программасынын алкагында ачылып, 572 миң сому долбоордун алкагында бөлүнсө, калган 500 миң сомун ата-энелер, жергиликтүү бийликтин колдоосу менен чогултушкан.
Учурдун талабы, балдарга кам көрүү менен келечекте дени сак муунду тарбиялоо дешет демилгечи топ.