Жаңылыктар
Кытай жарманкеси кыргыз ишкерлерге жол ачат
Экономика
Кытай жарманкеси кыргыз ишкерлерге жол ачат

Кыргызстандын ишкерлерде Кытай бизнесмендери менен өнөктөш болууга кеңири мүмкүнчүлүк бар. Эки өлкөнүн ишкерчилик байланышын бекемдөөгө кезектеги Кыргыз-Кытай бизнес-форуму мыкты аянтча болуп бере алат. Кытай аркылуу бир топ ишкерлерге дүйнөлүк рынокко чыгууга да жол ачылат. 

 Октябрь айынын 14-21 чейин Кытайдын Гуанчжоу провинциясында өтө турган күзгү жарманкеге орто жана чакан ишкерлердин көбү камынууда. 

 Кытайдын импорт жана экспорт боюнча кезектеги күзгү жарманкесине мен-мен деген атактуу ири ишканалар катышканы турат. Мында көргөзмө-жарманкеге электроника, жарык берүү, керектөө товарлары, текстиль менен медициналык буюм-тайымдар чыгарылат. Бул жолу Кыргызстандан 30га чукул ишкер жарманкеге катышат. Ишкерлер бул учурду колдон чыгарбай пайдаланып калышы керек. Инвесторлор менен байланыш жолго салынса ата мекендик өндүрүш да өрүш алат. 
Жарманкеден кийин экинчи кыргыз-кытай ишкер форуму өткөрүлүп, ага кытайдын ири ишканаларынын кожоюндары катышаары күтүлүүдө. Бул аракеттер Кытай рыногун тереңирээк талдап, ишкерлер менен түз кызматташуу максатын көздөйт. Себеби Кытай менен иштешкен ата мекендик ишкерлерлердин көбү терең кирип бара албай Үрүмчү, Кашкар менен гана чектелүүдө.
 Ишкерлердин айтымында кытай инвесторлорун курулуш тармагы кызыктырат. Бул тармакка Кытайлык инвесторлорду тартып, өнөктөш болуп иштөөгө мүмкүнчүлүк бар. Анын үстүнө экономикалык каатчылыкка карабастан учурда курулуш тармагы акырындык менен бутуна туруп келе жатат. Кытайдын импорт, экспорт боюнча жазгы жарманкесине курулуш тармагын тааныштырып барган Эркин Турдукулов өнөктөш таппаса дагы жаңы маалыматтарга ээ болуп кайткан. 
Бул жолку жарманке менен ишкер-форумдан үмүт чоң. Келишимдер түзүлүп, кытай инвесторлору менен кызматташтык бекемдесе экономикага да пайдасы тийет. Буга чейинки ишкер-форумдан кийин кыргыз ишкерлери кытай инвесторлору менен 5 келишим түзгөн. Ишкерлердин айтымында Улуу жибек жолунун алкагында кытай тарап дагы экономикалык байланышка кызыкдар.