Жаңылыктар
Чаткал районунда сел жүрдү
Кыргызстан жаңылыктары
Чаткал районунда сел жүрдү

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда сел жүрдү. 

9-августта саат 19:00дөр чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Кызыл-Токой айылында сел жүрүп, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 20-25-чакырым аралыгында жол каттамдар убактылуу жабылган. 

Мындан сырткары, аталган айылда жайгашкан 4 сарайга сел суулары кирген. 

Жерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматынан 3 адис, 2 жүктөгүч тартылып, сел алган жолду калыбына келтирүү иштери жүрүүдө.