Жаңылыктар
Мыйзамсыз салынган курулуштарга айып пул жогорулайт
Кыргызстан жаңылыктары
Мыйзамсыз салынган курулуштарга айып пул жогорулайт

28-сентябрь күнкү Жогорку Кеңештин жыйынында экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция  өлкө аймагында башаламан салынып жаткан курулуш обьектилери көбөйгөндүгүн, эрежени сактабаган курулмалардын ээлерине салынып жаткан айып пулдун аздыгы мыйзамсыз иштерди токтото албай жаткандыгын билдиришти.

Буга байланыштуу мыйзамсыз курулган курулуш иштерине  айып пулдун баасы 1 миллион сомго чейин көтөрүү керектигин  сунуштап, мыйзам долбоорун демилгелеп чыгышты. Айтылган  маселе  бүгүнкү  күндө актуалдуу  экендигин белгилеген эл өкүлдөрү аталган документти колдоо керектигин  айтышып, бирок мыйзам долбоору  адистердин көзөмөлүнөн өтүп, жоопкерчилик  эки тараптуу каралышы  зарыл дешти. 

Ошентип аталган Мыйзам долбоору жактырылып 1-окууда добуш берүүгө жиберилди. 

Гүлжан Каражанова